Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Грециядагы консерваторлор өкмөт түзүү мандатын алды


Грециянын консервативдүү "Жаңы демократия" партиясы президенттен коалициялык өкмөт куруу мандатын алды.

- Президент мырза, бул мандаттын негизинде Грециянын келечегин Европа жана евро менен байланыштырган бардык партиялар менен узак мөөнөттүү улуттук куткаруу өкмөтүн түзүүгө дарроо киришемин, - деди консерваторлордун лидери Антонис Самарас

Партия эрте парламенттик шайлоодо кечээ добуштардын 30 процентине жакынын жеңди.

Грециядагы шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин азиялык жана европалык биржаларда өсүш байкалып, евронун курсу да көтөрүлгөн. Буга чейин солчул СИРИЗА блогу жеңсе, Греция бюджетти үндөмдөө программасынан баш тартат, натыйжада кредит ала албай биридиктүү валюта мейкиндигинен чыгат деген кооптонуулар айтылып келген. Бирок көп узабай, Испания жана Италиядагы финансылык проблемалардан улам, биржалардагы көрсөткүчтөр кайрадан ылдыйлады. Германия Грециядагы шайлоонун жыйнытыгын кубаттап, аны менен бирге Афины кредит алуу үчүн талаптарды аткарууга тийиш деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG