Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Жогорку Сот Пакистанды премьерсиз калтырды


Пакистандын Жогорку Соту премьер-министр Юсуф Реза Геланини кызматында кала албайт деп чечти. Ошондой эле президент Асиф Али Зардариге парламентке жаңы премьер-министрге талапкерди сунуш кылуу жөнүндө кат жөнөттү. Башкаруучу Пакистан элдик партиясы парламентте көпчүлүктү түзөт жана талапкерди тандоо үчүн чукул сессияга чогулганы маалымдалууда.

Жогорку Сот апрелде Геланини президент Зардаринин коррупцияга аралашканы боюнча фактыларды тергөөгө жолтоо кылды деп тапкан болчу. Зардари 1990-жылдары Швейцария банктары аркылуу арам акчаларды адалдаштырган деп эбактан бери шектелип жүрөт. Геланинин айтышынча, Зардари өлкө президенти катары кол тийбестик укугуна ээ.

XS
SM
MD
LG