Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Мубарактын саламаттыгы боюнча кайчы маалыматтар түшүүдө


Мубарак 2-июндагы сотто.
Мубарак 2-июндагы сотто.
Египеттин мурдагы президенти, 84 жаштагы Хосни Мубарак түрмөдөн аскерий ооруканага алынып бара жаткан кезде, медиктердин тили менен айтканда “клиникалык өлүмдү” баштан кечиргенин бүгүн расмий МЕНА жаңылыктар агенттиги кабарлаган.

Андан кийин түшкөн маалыматтарда Мубарактын токтогон жүрөгүн кайра иштетүү үчүн атайын аппарат колдонгону, ал эс-учун жоготкону, жасалма дем алдырылып жатканы айтылат.

Мубарак аны бийликтен кулаткан былтыркы ыңкылап учурундагы демонстранттардын өлүмү үчүн 2-июнда өмүр бою түрмөгө кесилген.

Анын саламаттыгы кескин начарлаганы тууралуу маалыматтар президенттик шайлоонун экинчи айлампасынан кийинки чыңалуу күчөп турган учурга туура келди.

Исламчыл “Мусулман агаиндер” кыймылы алардын талапкери Мубарактын мурдагы кызматташы, генерал Ахмед Шафикти жеңди деп ырастоодо. Бирок Египетти эки жаатка ажыратчудай болуп турган шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга элек. (UE)

XS
SM
MD
LG