Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Рио де Женейродо экологиялык саммит башталды


Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун ачылыш сөзүндө дүйнө лидерлерин жакырчылык менен күрөшкөндө жана өсүштү камсыздоодо жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды. Ал ошондой эле Рио самиитинде карпайым адамдардын, жардылардын, аялдардын жана жаштардын күнүмдүк турмушун чындап жакшыртууга конкреттүү үмүттөр сунуш этилиши керек керектигин айтты.

Ушул эле шаарда мындан жыйырма жыл мурда тарыхый Жер жыйыны өткөндүгүн эске алуу менен Рио ПЛЮС 20 деп аталган самитте көп жылыш болоору күмөн экендиги айтылууда. Ал жыйын био ар түрдүүлүк тууралуу глобалдык келишимге жана быйыл мөөнөтү бүтүп жаткан зыяндуу газдар боюнча 1997-жылдагы Киото протоколуна жол ачкан эле. Ал эми Рио ПЛЮС 20да кабыл алына турган келишимдин долбоорунда милдеттүү максаттар коюлбастан, жалпы үмүттөр гана берилет.

XS
SM
MD
LG