Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Эшимканов фонду журналисттер арасында кичи-футбол мелдешин өткөрөт


Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында белгилүү журналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган кичи-футбол мелдеши 23-июнда Бишкектеги “Дордой” спорт клубунда өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн маркумдун жубайы, Эшимканов атындагы фонддун жетекчиси Асел Эшимканова билдирди:

"Мелис өзү футболду бала чагынан жакшы көрчү. Өспүрүмдөр арасында өлкөнүн курама командасында болгон. Кийин саясатта жүргөндө да, парламенттин депутаты кезинде да дайыма футбол ойночу. Журналисттерди да чогултуп мелдеш уюштурчу", -дейт Эшимканова.

Эшимканов атындагы фонддун кубогу үчүн КТРК, ЭлТР, НБТ, НТС телеканалдары, Кыргыз радиосу, Азаттык үналгысы, АKИpress агенттиги, Супер-Инфо, Күндарек, Агым, Кереге kg, Фабула гезиттери ат салышат. Баш байгеси - биринчи орунга 15 миң сом, экинчи орунга 10 миң жана үчүнчү орунга жети миң сом.

Жакында Мелис Эшимканов атындагы кордун бет ачары өткөн. Ошондой эле eshimkanov.kg интернет сайты ачылган.

Эркин, тең салмактуу макалалары менен таанылган журналисттерге жыл сайын 100 миң сом сыйлык берилип, спорттук мелдештер өткөрүлүп тураары айтылган.

Мелис Эшимканов өткөн жылы 15-сентябрда дүйнө салган. (RK)

XS
SM
MD
LG