Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Нарында Жаштар борбору ачылды


Бүгүн Нарын шаарында ичине жети тармакты камтыган Жаштар борборунун ачылыш аземи болду. Иш-чарага Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министри Алымкулов Алиясбек, Нарын облусунун жана башка алты облустун губернаторлору катышты.

Ачылган борбордо «жарнак жана маркетинг», «интернет», «изилдөө, анализдөө жана долбоорлоо», «жаштар телеси жана жаштар гезити», «юридикалык жардам жана жаштар укугун коргоо», «маданий өнүгүү борбору» сыяктуу жети тармак камтылган.

Имарат мурда облустук акимчиликтин чоң жыйындар залы саналып, кароосуз калган. Өткөн жылы облус жетекчиси Канатбек Муратбеков бул төрт кабаттуу имаратты Жаштар министрлигинин облустук бөлүмүнө өткөрүп берип, оңдоо иштери башталган. Имаратты кайра оңдоого жалпысынан 7,5 миллион сом жумшалды. Анын 729 миң сомун облустук акимчилик, калганын министрлик берди. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG