Мелис Эшимкановдун элесине арналып журналисттердин арасында өткөрүлүп жаткан кичи футбол турниринде "Азаттык" командасы чейрек финалга чыкты. Таймашта "Акипресс" маалымат агенттиги жана ""Супер инфо" гезитинин командасын утту. Бул тууралуу "Азаттыктын" спорт кабарчысы Кабыл Макеш кабарлады.
Мелдешке массалык маалымат каражаттарынан турган 12 команда катышууда. Чейрек финалда КТРК - "Агым", НБТ- Акипресс, "Азаттык" - "Кереге кж", Кыргыз радиосу-"Күндарек" командалары беттешүүдө.
Кичи футбол мелдеши журналист, коомдук ишмер, маркум Мелис Эшикановдун 50 жылдыгына арналып, ушул инсандын атын алып жүргөн фонд тарабынан уюштурулууда. (AKu)