Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Түлеев сурак токтомуна кол коюудан баш тартты


Нариман Түлеев кечээ Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгында суракка алынгандан кийин сурак токтомуна кол койгон жок. Ал эми башка бардык тиешелүү документтерге кол койду. Мындай маалыматты "Азаттыкка" депутаттын жактоочусу Султан Баратов билдирди.

Анын айтымында, мындан ары эмне болоорун эртең сот аныктайт. Сурак токтомуна кол койбогонунун себебин депутат документте каталар бардыгы менен түшүндүрдү.

Нариман Түлеев Бишкек ИИБинин убактылуу кармоо жайында кечээтен бери камалып турат.

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев коррупция боюнча шектелип, ага каршы 2010-жылы кылмыш иши козголгон. Ушул жылы 21-июнда Башкы прокуратуранын суракка келген жок деген жүйөөсү менен үйүнөн кармалып кеткен. Бирок Түлеевди тарапташ депутаттар ошол эле түнү чыгарып алышкан болчу. (AKu)

XS
SM
MD
LG