Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Ошто 18 жаштагы аскер асынып алды


Ош шаарындагы №20-65 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 1994-жылы туулган бир аскер асынып өлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМК алдындагы Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ болгон бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Чек ара аскерлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия 18 жаштагы уландын өлүмүн иликтөөгө киришти. Азырынча, өз өмүрүнө кол салган аскердин аты-жөнү, алдын ала себептери айтыла элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG