Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Чек ара аскерлерин УКМКдан бөлүү сунушталууда


Бүгүн парламенттеги Коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрү Чек ара аскерлерин УКМКнын курамынан чыгарууну демилгесин көтөрүп, бул маселени Жогорку Кеңешке жалпы жыйынына чыгарууну чечишти. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков чек ара аскерлеринин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин курамында болушу үч негизги мыйзамга каршы келерин, ал мыйзамдар боюнча Чек ара аскерлиги өзүнчө улуттук орган болушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, Чек ара аскерлиги 2010-жылкы оор окуялардын учурунда гана УКМКга карап калган.

Өкмөт жана УКМК чек ара аскерлерин өзүнчө бөлүүнү максатсыз деп эсептөөдө. Башкы чекист Шамил Атаханов кошуна өлкөлөрдө чек ара аскерлери атайын кызматка караштуу экенин жүйөө келтирди. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG