Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Түлеев эки айга УКМК тергөө абагына камакка алынды


Бишкектеги Биринчи май райондук соту депутат Нариман Түлеевди Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына эки айга - 21-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Мамлекеттик айыптоочу тарап Түлеевди Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алууну өтүнгөн болчу. Түлеевдин адвокаты Султан Баратов соттун чечимине макул эместигин билдирип, беш күн ичинде жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын кабарлады.

“Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, Түлеевди сот залынан дароо тергөө абагына алып кетишти. Чечимди имараттын сыртында күтүп турган депутаттын колдоочулары кескин айыптоо менен кабыл алышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айыпталууда.

Депутат өткөн бейшембинин кечинде суракка келген жок деген жүйөө менен кармалып, айрым депутаттардын кийлигишүүсү менен кайра бошотулган. Ишемби күнү суракка келип, анын жыйынтыгында 48 саатка камалып, мөөнөт бүгүн аяктаган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG