Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

"Ош шаарынын макамы жөнүндө" мыйзам долбоору каралат


Бүгүн Жогорку Кеңеш “Ош шаарынын макамы жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорун караганы жатат. Мыйзам долбоорго ылайык, буга чейин Ош шаардык мэриясынын, шаардык кеңешинин иши "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам менен аныкталып келсе, эми Ош шаары өзүнчө мыйзамдын негизинде башкарылат. Демилгечи депутаттардын бири Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” айтымында, бул мамлекеттик маанидеги экинчи шаар саналган Ошту башкарууну жакшыртууга, ыйгарым укуктарды күчтөндүрүүгө багытталган.

Бул мыйзам долбоор буга чейин Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин талкуусунан өткөн. Демилгечи депутаттардын билдирүүсүнө караганда, жакын арада Бишкек шаарынын макамы тууралуу да мыйзам долбоору иштелип чыкмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG