Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

АКШда арыктатуучу дары сатууга уруксат берилди


АКШда тамак-аштын жана дары-дармектин сапатына көзөмөл салуучу федералдык мекеме адамды ашык салмактан арылтуучу дарыны сатыкка чыгарууга акыркы он үч жылда алгач ирет уруксат берди.

Arena Pharmaceutical компаниясы чыгаруучу Belviq таблеткаларын сатыкка чыгарууга буга чейин 2010-жылы иликтөөлөр ал адамдын ден-соолугуна зыян тийгизүүсү мүмкүндүгүн көргөзгөн соң уруксат берилген эмес.

Бирок андан бери жүргүзүлгөн кайра иликтөөлөр мындай тобокелчилик анчалык чоң эместигин аныктаган. Дары базарга 2013-жылы чыгарылары күтүлүүдө.

Адистердин маалыматына караганда, АКШда ашык салмактан калктын 35% жабыр тартат. (UE)

XS
SM
MD
LG