Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Казак сенатору кыргызстандык жумушчулардан салык алууну сунуштады


Казакстандын кабар агенттиктери билдиргендей, сенатор
Икрам Адырбеков мындай сунушун бүгүн Кыргызстан жана Казакстан жарандарынын эки өлкө аймагында жүрүүсүнүн жаңы тартибин аныктаган келишимди ратификациялоо учурунда айтты. Ал белгилегендей, Кыргызстандын Казакстанда мыйзамдуу иштеген жарандары салык төлөгүдөй жагдай жаратуу зарыл.

Президент Алмазбек Атамбаевдин майда Астанага жасаган сапары учурунда кол коюлган келишимди кечээ казак парламентинин төмөнкү палатасы – Мажлис жактырган. Ага ылайык, Кыргызстан жарандары Казакстан аймагында тиешелүү мекемеде катталган соң 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Казак ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы Казакстанга Кыргызстандан 94 миң адам барган.(UE)

XS
SM
MD
LG