Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Гонконгдо оң миңдеген адам көчөгө чыкты


Жекшембидеги демонстрация Гонконгду Кытайдын көзөмөлүнө Британия өткөрүп бергендигинин он беш жылдык мааракесине тушташ болду.

Мааракелик иш-чараларга Кытай президенти Ху Цзинтао да келип, бүгүн Гонконг администрациясынын жаңы башчысы катары 57 жаштагы ишкер Лян Чжэнинин ант берүү аземине катышты.

Гонконгдун жаңы лидери Кытайдын коммунисттик бийликтери менен жакшы мамиледе деп эсептелет.

Жергиликтүү тургундар Гонконгдун башчысын ишкерлер жана башка таасирлүү адамдардан турган атайын кеңеш тарабынан дайындоо системасына нааразы.


Гонконгдун башкы мыйзамы болгон кичи Конституция анын тургундарынын жарандык эркиндиктерин кепилдейт.

Мурдагы британ колониясы 1997-жылы Кытайга кайтарылганда “бир өлкө эки система” деген модель жаралган. (UE)

XS
SM
MD
LG