Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

“Талас” футбол клубуна нигериялык оюнчулар кошулду


Таласта жаңы түзүлгөн “Талас” футбол клубунда нигериялык үч, ирандык бир легионер футболчу ойноодо. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы Мирбек Айтикеевдин айтымында, жергиликтүү күйөрмандар өңү кара футболчулардын оюнуна кызыгын артып жатат. Алардын бири нигериялык Жами Адис Адешинаны жергиликтүүлөр Азиз деп атап алышкан. Азиз Кыргызстанда футбол жакшы өнүгө электигин, ошол себептүү чет элдиктер жардамга келип жатканын белгиледи. “Талас” футбол клубунун жетекчиси Замир Молдокматовдун айтымында, жергиликтүү футболчулар чет элдик оюнчулардын ойноо техникасын үйрөнүүдө. (КЕ/MbA)

XS
SM
MD
LG