Өкмөт “Кумтөр Голд Компаниге" жер бөлүп берүү тууралуу токтомду жокко чыгарды. Буга байланыштуу токтомго кечээ, 5-июлда премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койду. 2010-жылдын 25-мартында “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомуна Ысык-Көл облусунан 16 миң 300 гектар жер бөлүп берүү тууралуу токтомго мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов кол койгон.
Буга чейин бул токтомдун бир катар мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын, элге каршы экендигин Кумтөр кениндеги абалды изилдеп чыккан депутаттык комиссия да белгилеген. (КЕ/RK)
Буга чейин бул токтомдун бир катар мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын, элге каршы экендигин Кумтөр кениндеги абалды изилдеп чыккан депутаттык комиссия да белгилеген. (КЕ/RK)