Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Кыргызстанда 24-март майрам күндөрдүн тизмесинен алынды


Кыргызстанда 24-март майрамдык эс алуу күндөрдүн тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстанда бийлик алмашкан. Үч жылдан кийин бул күндү дем алыш деп жарыялоо тууралуу мыйзам кабыл алынган. Бирок 2010-жылдын 7-апрелинде бийлик кайрадан алмашып, 24-мартты белгилебей эле коюу керек деген пикирлер айтыла баштаган. Быйыл май айында Жогорку Кеңеш тиешелүу мыйзам долбоорун кабыл алып, президентке жөнөткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG