Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Орусия селдин курмандыктарына аза күтүүдө


Орусияда бүгүн өлкөнүн түштүгүндөгү каргашалуу селдин курмандыктарына аза күтүүнүн улуттук күнү. Краснодар аймагындагы жаратылыш кырсыгынан набыт болгондордун саны 171ге жетти. 5 миңдей үйдү суу каптады, Кара дениздин боюндагы курорттук Крымск шаары айрыкча жапа тартты.

Өткөн түнү бул аймакта газ, электр жарыгы, суу болгон жок. Бир жарым миңдей куткаруучу сактап калуу иштерин улантууда. Орусиянын президенти Владимир Путин кырсыктын алдында жетиштүү эскертүү болгон-болбогондугун иликтөөгө буйруду. Бийликтер зыяндын көбү жергиликтүү суу сактагычтан койо берилген суудан болду деген кинени четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG