Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Монблан тоосунда бир аптада 11 альпинист көз жумду


Швейцария менен Италиянын кесилишиндеги Европадагы эң бийик Монблан тоосунун тик кайкысында эки альпинисттин сөөгү ишембиде табылды. Бул тууралуу Италиянын полициясы билдирет. 25 жаштагы испан менен 30 жаштагы полшалык аял Монблан массивине көтөрүлүп бараткан жолдо суукка урунуп, саламаттыгы кескин начарлап өлгөн.

Бейшембиде ошол эле аймакта 9 альпинист кар көчкүнүн алдында калган.

Бул кырсыктар соңку жылдары Монблан тоосунда эң көп катталган кырсык болуп саналат. Альпы тоо кыркаларындагы Монбландын бийиктиги 4 жарым миң метрдей, бул жерде Мер-де-Глас мөңгүсү жайгашкан.

XS
SM
MD
LG