Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Жогорку Соттун судьяларын тандоонун 1-туру аяктап калды


Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьяларын тандоо боюнча сынакты улантып, дагы тогуз талапкерди экинчи турга өткөрдү. Кеңеш беш жолку жыйынында жалпысынан 65 талапкерге экинчи турга катышууга макулдук берди. Эртең соңку тогуз талапкердин арызын карамакчы.

Биринчи турга 80ден ашык адам катышкан.

Сотторду тандоо кеңештин төрагасы Шамарал Майчиев сынактын биринчи айлампасында талапкерлердин документтери караларын, экинчисинде аңгемелешүү болорун, үчүнчү турга өткөн талапкерлер добуш берүү менен тандаларын билдирген.

Кыргызстанда сот реформасы мурунку президент Роза Отунбаеванын тушунда башталып, орто жолдо туңгуюкка кептелип калганы айтылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG