Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:31

Ливиянын Олимпиада комитетинин башчысы уурдалды


Олимпиада комитетинин президенти Набил Элалемди Триполи шаарында эки машине менен келген белгисиз куралчандар алып кеткенин аталган комитеттин маалымат катчысы билдирди. Азыр чиновниктин кайда экени белгисиз.

Ливиянын жаштар жана спорт министри Фети Тарбел “бул ишти кылмышкерлер жасады, Каддафи режими өмүүн улантууда”, - деп айтты. Муаммар Каддафи бийликтен кулагандан кийин убактылуу өкмөт өзгөчө күчүнө кирген куралдуу топторду көзөмөлдөөгө аракет кылып келет. Алар буга чейин ливиялык эки журналистти да уурдап кеткени маалым.

XS
SM
MD
LG