Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Сириянын коргоо министри жардырууда набыт болду


Бүгүн Сириянын борбору Дамаскиде жанкечтинин жардыруусунан өлкөнүн коргоо министри Дауд Ражха курман болду. Мындан сырткары, Улуттук коопсуздук кызматынын имаратынын маңдайындагы жардыруудан президент Башар ал-Асаддын режимине иштеген жогорку кызматтардагы бир топ расмийлер жаракат алышканын мамлекеттик телеканал кабарлады. Борбор калаада төрт күндөн бери өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын айыгышкан атышуулары уланып жатат.

Бүгүн Сириядагы кырдаал боюнча Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде жаңы резолюция добуш берүүгө коюлат.

XS
SM
MD
LG