Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Сириянын эки ири шаарында атышуулар уланууда


Кечээ ири жардыруу Хомс шаарында болгону кабарланган
Кечээ ири жардыруу Хомс шаарында болгону кабарланган
Азыр борбор калаа Дамаскиде жана эң ири шаар Алепподо өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын атышуулары жүрүп жатат. Оор артиллерия жана тик учактарды колдонгон өкмөттүк аскерлер бүгүн Дамаскидеги Барзех жана ага жанаша жайгашкан эки районго чабуул коюшту. Оппозициядан кабарлашкандай, алардын адамдарын өкмөттүк аскерлер Меззех деген райондон да сүрүп чыгарышкан.

Мындан сырткары, айыгышкан атышуулар өлкөнүн эң чоң шаары Алепподо да жүрүп жатат. Өкмөттүн ал жердеги атайын кызматтарынын ири базасына жакын жерде да ок атылганы айтылууда. Президент Башар ал-Асадга каршы чыккандар Алепподо өткөн түнү анын атасы Хафез Асаддын эстелигин бузуп салышкан.

Сириялык адам укугун коргоочулардын Лондондогу уюмунан кабарлашкандай, өлкөдө президент Асадга каршы толкундоолор былтыр мартта башталгандан бери атышуулардан өлгөндөрдүн саны 19 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG