Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Албаниянын жаңы президенти кызматка киришти


Албаниянын жаңы президенти Буяр Нишани кечээ ант берди. Премьер-министр Сали Беришанын жакын санаалашы, мурдагы ички иштер министри Нишани ушул июнда парламент тарабынан жогорку кызматка шайланган. Оппозициядагы социалисттик партия ал шайлоону бойкоттогон. 45 жаштагы жаңы мамлекет башчы Албаниянын Евробиримдикке кирүүсүнө жол ачкан саясий жана соттук реформаларды жүргүзүүгө убада кылды. Нишани өлкөнүн 1991-жылы коммунисттик режим кулагандан кийинки алтынчы президенти болуп калды.

XS
SM
MD
LG