Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Бадахшандагы согушчандарга тиешеси бар делген бир нече адам кармалды


Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы Ооганстандын атайын кызматынын маалыматына таянып, тажик-ооган чек арасында Хорогдогу мыйзамсыз куралдуу топтун мүчөсү болушу мүмкүн деп, бир нече адам кармалганын билдирди. Бүгүн тажик президенти Эмомали Рахмон Ооганстандын ички иштер министри Бисмиллоххон Мухаммад жана атайын кызматтын башчысы Рахматулло Набил менен жолугушуп, Хорогдогу соңку окуяларды талкуулашты. Ооганстандын күч структураларынын башчылары согушчандарды кармоого болгон аракеттер көрүлөөрүн, чек аралар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтышты.

XS
SM
MD
LG