Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

АКШ Алеппо шаарында кыргын болушу мүмкүн деп билдирди


АКШ Сирия президенти Башар Асадга жан тарткан күчтөр Алеппо шаарында кыргынга даярданып жатышы мүмкүн деп билдирди. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Виктория Нуланддын айтымында, танктар менен аба техникасы шаарга тартылууда деген ишенимдүү маалыматтар бийлик козголоңчуларга каршы аракеттерин күч алдырып жатканын айгинелейт.

Сириянын экинчи ири шаары, 2 миллион калктуу Алепподогу оппозиция болсо чабуул алдында ок-дары, дары-дармек топтоп жатканы кабарланууда.

Активисттердин ырастоосунда, кечээ шаарды аткылоо учурунда бери дегенде 30 киши окко учту. Асад режимине каршы көтөрүлүш 16 айдан бери уланып келатат.

XS
SM
MD
LG