Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Ажылыкка алып барчу авиакомпаниялар тандалат


Бүгүн Бишкекте ажылыкка баруучу зыяратчыларды ташуучу авив компанияны тандоо боюнча тендер өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулло Эгембердиев билдирди. Анын айтымында, тендерге катышууга “Кыргызстан” жана “Кыргыз Транс Авиа” компаниялары каалоосун билдирген. Буларды муфтияттын алдында түзүлгөн атайын тендердик комиссия тандап алат.

Быйылкы жылы ажылык үчүн Сауд Арабстан Кыргызстанга 4500 кишиге орун берген. Муфтийдин милдетин аткаруучунун билдиришинче, өлкөдө ажылыкка барууну каалагандардын саны көп болгонуна байланыштуу кошумча 500 орун алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Быйыл ажылык сапар октябр айынын башында башталат. (BkA)

XS
SM
MD
LG