Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Чүйдө жол кырсыгынан беш адам каза болду


Бишкек-Торугарт жолунун Токмок шаарындагы бөлүгүндө эки машине кагышып, беш адам каза болду. Бирөө жаракат алып, Токмок шаардык ооруканасында реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиришинче, каза болгондордун төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Ысык-Көлдүн тургундары болгон. Окуя кечээ саат үчтөр чамасында катталып, “Рено” үлгүсүндөгү машине менен “Форд-Транзит” кагышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG