Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Евробиримдик элчиге байланыштуу Беларуска жооп кайтарат


Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон Минсктен швециялык элчини айдап чыгууга Европа биримдиги татыктуу жооп берерин Беларуска эскертти. Швециянын билдиришинче, элчи Стефан Ерикссон Беларус оппозициясы менен кездешкени үчүн өлкөдөн чыгарылган.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт Tвиттердеги бетинде элчини чыгарып жиберүүнү “жосунсуз жорук” деп, Стокгольм “жаңы беларус элчисин күтпөгөнүн” жана эки беларус дипломатка Швециядан чыгып кетүү буйрулганын жазды. Беларус тарап швециялык элчи куулбаганын, жөн гана аккредитациясы узартылбаганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG