Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:39

Пакистан полициясынын шермендечилиги ашкере болду


Пакистанда полициянын бир нече кызматкери аял менен эркекти жылаңачтап шерменде кылганы үчүн кызматтан четтетилди. Күбөлөрдүн айтышынча, синдхтердин Гамбат шаарында полициячылар аял менен эркекти никесиз жыныстык катнашка барганы үчүн жазалоо максатында жылаңачтап салып, полицияканда ары-бери бастырып кордогон.

Уюлдук телефонго жайгаштырылган видеодо полициячы жылаңач эркекти уруп жатат, ал эми жыялаңач аял жалбарып полициячыдан кийимин суроодо. Маалымдалгандай, алар июнь айында “никесиз жыныстык байланышка бармак болгон” деп камакка алынган экен.

Айыпталуучу Мумтаз Мирбахар камактан күрөөгө чыгарылган. Аял болсо дале абакта отурат. Окуя коомчулукта катуу нааразылык жаратты.

XS
SM
MD
LG