Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Дамаскта мамлекеттик телеканалдын имаратында жардыруу болду


Сириялык телеканалдагы жардыруу административдик имараттын үчүнчү кабатында болду. Телеканалдын иши үзгүлтүккө учураган жок. Азырынча жардыруу боюнча жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек.

Дамаскта бир нече аптадан бери өкмөттүк аскерлер менен козголоңчулардын ортосунда катуу кагылышуулар жүрүп жатат. Ушул тапта Алеппо шаарында да кармаш катуу болуп жатканы кабарланууда. Сирия укук коргоо тобунун маалыматында, өлкөдө өткөн бир сутка ичинде 131 киши, анын ичинде 79 карапайым тургун мерт болгон. Бул көрсөткүчтөр башка маалымат булактарынан тактала элек.

XS
SM
MD
LG