Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

БААУ имаратын пайдалануу шарттары такталат


Вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова 6-августта Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Вахтель менен жолугушту. Өкмөттүн билдиришинче, анда аталган окуу жай, жеке билим берүүгө байланыштуу маселелер талкууланды. Асымбекова ошондой окуу жайдын имараты боюнча сөз кылды. Анда имарат боюнча келишимде аны пайдалануу шарттары көрсөтүлбөгөнүн, ошондуктан университет 2013-жылы жаңы имаратка көчүп кеткенге чейин шарттарды аныктоо боюнча премьер-министрге сунуш киргизилерин билдирди.

Жыл башында бул имараттан улам талаш чыккан. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду университет имарат үчүн ижара акысын төлөбөй жатат деп билдирген. Бирок окуу жай жетекчилиги кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, окуу жай мындай төлөмдөн бошотулганын айтып, келишим күчүндө деп жооп берген. Өкмөт талаштын чоо-жайы аныкталарын билдирген эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG