Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Памирлик кыргыздарга жардам качан жөнөөрү белгисиз


Кыргыз өкмөтү памирлик кыргыздарга жардам жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Бирок коңшу Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусундагы кырдаалга байланыштуу бул экспедиция качан жөнөөрү азырынча белгисиз. Окуу китептер, ун, йод кошулган туз, чай жиберилмей болууда. Мугалимдер жана доктурлар барып келип иштеп турат.

Ооганстандын Памир тоолорунда отурукташкан кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн 13-июнда өкмөт мекеме аралык кеңеш түзгөн.

Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде отурукташкан кыргыздардын болжолдуу саны эки миңдей киши экени айтылып келет. Бирок айрым маалыматтар боюнча, памирлик кыргыздардын саны кескин азаюуда, азыр жети жүздүн тегерегинде гана. Себеби климаттык шарты катаал, жашоо деңгээли төмөн. (RK)

XS
SM
MD
LG