Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Бишкекте кийиз көргөзмө өтөт


Бишкекте кийиз көргөзмө өтөт. Жалаң кийизден колго жасалган буюмдар тартуулана турган бул экспозиция Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде 10-августта ачылат. Иш-чара ушул күндөрү Кыргызстанда өтүп жаткан "Кийиз дүйнө" деп аталган фестивалдын алкагында уюштурулууда. Авторлор аны "Салтка кайрыла..." деп аташты.

Кол өнөрчүлүгү менен таанымал болуп калган чеберлер Гүлмира Кутуева, Фариза Шейшеева жана Гүлмира Сатарованын жасаган буюмдары менен катар көрүүчүлөрдүн назарына Бишкектеги айрым окуу жайлардын студент кыздарынын эмгектери да тартууланат. (RK)

XS
SM
MD
LG