Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Канар аралдарында өрт чыкты


Канардын эки аралында – Гомер жана Тенерифте токойдо өрт чыкты. Дүйшөмбүгө караган түнү өрттүн курчоосунда калган Валье-Гран-Рейн районунан миңге чукул киши чыгарылды. Аларды эки кеме менен аралдын эң ири шаары Сан-Себастьянга алып келип, гимназиянын имаратына жайгаштырышты. Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, өрт өтө баалуу жаратылыш байлыктарын жок кылды.

Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Өрттөн келтирилген чыгымдар эсептеле элек. Өрттүн чыгышына быйылкы кыштын кургак болгондугу жана акыркы күндөрдөгү өтө ысык аба ырайы себеп болгондугу айтылууда. Ушул тапта Канар аралдарында абанын температурасы 40 градуста кармалып турат.

XS
SM
MD
LG