Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Блейк: АКШ казак оппозиционеринин тагдырына көңүл кош эмес


Ушул тапта Казакстанда жүргөн АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк казак бийлигин оппозиционер Владимир Козловдун сотунда адилеттүүлүктү камсыздоого чакырды. Каттоодон өтпөгөн “Алга” партиясынын лидери Козлов 2011-жылдагы 16 адамдын өмүрүн алган Жаңы-Өзөн окуясы боюнча айыпталууда. Бирок оппозиционер бул ишти саясий кысым деп эсептейт. Роберт Блейк АКШ Владимир Козловдун тагдырына кош көңүл карабай турганын айтты. Оппозиционердин үстүнөн сот иши 16-августта өтөт.

XS
SM
MD
LG