Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Түлеев 15-октябрга чейин камакта калтырылды


Биринчи май райондук соту 17-августта депутат Нариман Түлеевди 15-октябрга чейин убактылуу камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” эл өкүлүнүн жактоочусу Султан Баратов билдирди.

15-августта Жогорку Сот Нариман Түлеевди “үй камагына чыгарылсын” деген чечим чыгарган. Бирок ошол эле күнү Башкы прокуратура Нариман Түлеевге каршы башка айыптарды атап, кылмыш ишин козгошуна байланыштуу УКМК аны тергөө абагынан чыгарган эмес.

Шаардык сотко беш күндүн ичинде арызданаарын билдирген адвокат Султан Баратов бул саясий буйрутма экенин айтат:

- Бирдемени таап дагы ушинте беришет булар. “Эгерде чыгарып жиберсе биз мындай кыла койобуз” деп атайын күтүп жатышкан да. Бул деген мыйзам бузуу. Башкы прокуратура буйрук менен иштейт.

Бишкектин мэри болуп иштеген учурда автобус сатып алууда бюджетке зыян келтирген деп айыпталган Нариман Түлеев 25-июнда 21-августка чейин УКМКнын тергөө камагына алынган болчу. Эми ага таштанды тазалоочу унаа сатып алууда коррупциялык иштерди жасаган жана бала бакчаны мыйзамсыз сатып жиберген деген айып коюлуп жатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG