Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Кош-Көлдөгү жол кырсыгы иликтенип жатат


Бул тууралуу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Матмусаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Төлөсүн Оморбаев аттуу 32 жаштагы тургунду Адилет Алиев аттуу бишкектик жеке ишкер сүзүп алган жана анын атасы милиция тармагында иштебейт. Матмусав сүзүп алган бала мас абалында болбогондугун, учурда Бишкекте ооруканада жатканын маалымдады. Бул окуяны тергеп-иликтөө уланууда.

Кечээ Кош-Көл айылынын тургундары бул окуяны адилет иликтөөнү, күнөөлүү тарапты камоону талап кылып жол тосуп, бийликке үч күн мөөнөт чектеген болчу. Жол кырсыгына себепкер адам Ички иштер министрлигинде таасирлүү жетекчинин баласы экени айтылып жаткан.

Жол кырсыгы 17-августта кечки саат 9да болгон. Төлөсүн Оморбаев алган жараатынан улам ооруканада жан берген.

Андан мурдарак Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы соңку учурда кан жолдо жол коопсуздугун күзөткөн убактылуу бекеттер алынгандан бери жол кырсыгы кескин көбөйгөнүн билдирген болчу. Маалыматка ылайык, 21-июлдан 16-августка чейин 68 жол кырсыгы катталды. Андан 17 адам ажал таап, 84 киши ар кандай жаракат алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG