Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Сирияда кармаш уланууда


Сириянын өкмөттүк аскерлери Дамасктын чет жакасындагы Мудамийех аймагына штурм жасашты. Оппозициянын көзөмөлүндө турган бул аймакта атышуудан 23кө чукул козголоңчу мерт болду. Бул туурасында жергиликтүү координациялык комитеттин өкүлдөрү маалымдашты. Ал арада Сириянын оппозициялык, улуттук кеңеши бүгүн Ливан бийлигин өлкөдөгү Cирия жарандарынын жоголуп жана камакка алынып жатышын токтото албагандыгы үчүн айыптады. Маалыматтарга караганда, акыркы күндөрдө Ливанда 35 сириялык жаран уурдалган.

Сириялык оппозициячылар уурдоолорго сириялык режимди колдогон “Хезболлах” тобун күнөөлөп жатышат. Алар өз кезегинде бул кылмыштарга катышы жок экендигин билдирүүдө. Мындан тышкары кечээ Ливандын коопсуздук күчтөрү сириялык активисттердин үйлөрүн тинтип, алардын экөөсүн камакка алышкан.

Ушул тапта Ливанда да Сирия режимин колдогондор жана ага каршы тараптар ортосунда кагылышуулар жүрүп жатканы кабарланууда.Триполи шаарында 28 киши жарат алды.

XS
SM
MD
LG