Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

"Ата Мекен" коалициядан чыкты


Фракция бүгүнкү жыйынында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Чүй, Ош облустарынын мүчөлөрүнүн жана Жогорку Кенештин депутаты Карганбек Самаковдун фракциянын “Биримдик” парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуу жөнүндөгү сунушун карады. Анда депутат Райкан Төлөгөнов өкмөттүн ишин сынга алып, республиканын экономикалык өсүү темпи 6 пайызга, ички дүң өнүмдүн деңгээли 6,4 пайызга түшүп кеткендигин, бюджеттин таңсыктыгы 23 миллиард сомго чыккандыгын айтып, мына ушундай жагдайларга байланыштуу “Ата Мекен” коалициядан чыгуу чечимине келип жатканына токтолду. Дагы бир топ депутаттар өкмөттө эски коррупциялык схемалар улантылып жатканын айтып чыкты. Соңунда фракция мүчөлөрү бир добуштан коалициядан чыгуу чечимин кабыл алышты.

"Ар-намыс" фракциясы да кечээ коалициядан чыгуу чечимине келген. Эки фракция чыгышы коалиция тарады дегенди билдирет. Себеби көпчүлүктү түзгөн депутаттардын саны 61ден кемийт.

“Өкмөт жөнүндө” мыйзамга ылайык, коалиция тараса өкмөт да кетет, бирок жаңы өкмөт дайындалганга чейин убактылуу иштеп турат. (SM)

XS
SM
MD
LG