Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн фракция башчылары жана вице-спикерлер менен жыйын курду. Жыйынга "Ар-Намыстын" лидери Феликс Кулов, "Республикадан" Алтынбек Сулайманов жана Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков катышты. Ал эми "Ата Мекенден" фракция башчысынын орун басары Эркинбек Алымбеков жана "Ата Журттан" депутат Абдумиталип Кочкорбаев катышты.
Төрага парламенттеги азыркы түзүлгөн кырдаалды нормалдуу саясый процесс деп атады.
"Саясый оппоненттердин азыркыдай талашып-тартышуусун авторитардык мамлекетте элестетүү мүмкүн эмес эле. Саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин иши аквариумда жүргөндөй ачык болушу керек экени жаш саясатчыларга сабак", - деди төрага.
Жээнбеков парламенттеги башкаруучу коалиция тараганын айтып, президенттин тиешелүү жарлыгы чыккандан кийин депутаттарды жаңы коалиция түзүүгө активдүү катышууга чакырды.
Апта башында коалициядан алгач "Ар-Намыс" фракциясы, андан кийин "Ата Мекен" чыгып кетти. Буга байланыштуу бүгүн президент өкмөттү да кетирди. Бирок жаңы коалиция түзүү укугу кимге берилет, азырынча белгисиз. (RK)