Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Венесуэлада үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды


Венесуэладагы ири мунай иштетүүчү заводдогу жарылуудан бери дегенде 39 адам каза болуп, 82си жаракат алды. Мерт болгон 6 кишинин ким экендиги аныкталбай жатат. Өлкөнүн энергетика министри Рафаэл Рамирес жарылуу заводдун ичинен сызылып чыккан газдан чыкканын, кырсыктын кесепетинен ишкананын тегерегиндеги 200 үй жана 11 дүкөн жабыркаганын айтты. Кечээ жакынкы райондун жашоочулары коопсуз аймактарга көчүрүлгөн болчу. Президент Уго Чавес алдыдагы үч күндү улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG