Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Таластагы Маймак бекетине эми поезд токтобойт


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлү Койсун Курманалиева билдирди. Анын айтымында, Маймак станциясына поезддин токтобой кетиши Таласта өндүрүлгөн төөбуурчакты экспорттоону кыйындатат:

- Август айынан баштап Маймак станциясына ары-бери өткөн поезддер токтобой калды. Бул көрүнүш Казакстандын Бажы биримдигинен алган мидеттемелерине ылайык болууда. Эми бизде өндүрүлгөн төөбуурчакты сатууда кыйынчылыктар болот. Анткени темир жол арзан тарнспорт каражаты болчу. Эми Өтмөк ашуусу аркылуу ташып калсак бир топ кымбатка туруп калат, - деди Койсун Курманалиева.

Маймак аркылуу Талас облусун дүйнө менен байланыштырган жападан жалгыз темир жол өтөт. (MbA)

XS
SM
MD
LG