Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Коалиция түзүү боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр бүттү


"Ата Мекен” фракциясы коалицияга кирүүгө даяр жана шарттарын да карайбыз”, - деп билдирди аталган фракция лидери Өмүрбек Текебаев КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушкан учурда. Текебаевдин айтымында, премьер-министр болчу адам элдин арасында бедели бар, таанымал, өз демилгелери менен чыккан, парламенттин алдында жүрө турган лидер адам болушу керек. Ошондой эле аталган фракция техникалык эмес, толук кандуу өкмөт түзүүнү колдойт.

Коалиция түзүү мандатын алган КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн Жогорку Кеңештеги төрт фракция лидери менен тең сүйлөштү. Турсунбеков эми парламенттеги фракциялардан сырткары түзүлгөн депутаттардын тобу менен да жолугат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG