Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Иран шектүү аскерий жайын чет элдик дипломаттарга ачуусу мүмкүн


Парчин аскерий комплексинин спутниктен тартылган сүрөтү.
Парчин аскерий комплексинин спутниктен тартылган сүрөтү.
Расмий Тегеран БУУнун инспекторлору уран байытылышы ыктымал деп шек санаган Парчин аскерий комплексин Бейтарап мамлекеттер кыймылынын саммитине келген чет элдик дипломаттар көрүүсүнө жол ачуусу мүмкүн. Аталган кыймылдын саммити Тегеранда жума күнгө чейин созулат.

Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Мохаммад Мехди Акунзаденин айтымында, андай жайларга (Парчин аскерий комлексине) баруу – саммит учурунда жасалчу иш эмес, бирок бийликтер бул визитти караштыра алат.

Парчин аскерий комплексинде уран байтылат деген шек саноолорду Иран такай четке кагып келе жатат.

БУУнун Атом Энергетикасы боюнча агенттиги – МАГАТЭ мындан үч күн мурда эле Венадагы жыйынында Парчин комплексине инспекторлорун киргизүүнү кайрадан суранган. (UE)

XS
SM
MD
LG