Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Ооганстандагы жардырууда төрт киши мерт болду


Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында миналанган жүк ташуучу машине жарылып, анын кесепетинен төрт карапайым тургун набыт болду. Кандагар провинциясынын полиция башчысы жана 20 киши жаракат алды. Жергиликтүү администрациянын өкүлүнүн маалымдашынча, дүйшөмбү күнү кечинде миналанган машинени жанкечти жардырган.

Азырынча кол салуу боюнча жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. Батыш агенттиктери, жардырууну талибдер уюштурду деп болжоп жатышат. Ооганстанда талибдер бийлик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө байма-бай кол салып келишет.

XS
SM
MD
LG