Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Башар Асад козголоңчуларды жок кыларын билдирди


Сириянын президенти Башар Асад “Ад-Дунья” телеканалына курган маегинде өлкөдөгү куралдуу кагылышты токтотуу үчүн бийликке кошумча убакыт керектигин билдирди. Анын айтымында, "өкмөттүк күчтөр козголоңчулар менен күрөштө ийгиликке жетип жатат, бирок жеңишке чейин дагы жол узак". Асад Франция менен Түркиянын качкындар үчүн Сирияда коопсуздук аймагын түзүү демилгесин реалдуу эмес деп билдирди.

Ушул тапта Сирияда кармаш уланууда. Алеппо жана Идлиб шаарларынын ортосундагы "Тафтаназ" аскердик аэропорту жайгашкан аймакта айыгышкан кагылышуулар болуп жатканы кабарланууда. Кечээ Дамасктын чет жакасында Башар Асаддын набыт болгон колдоочуларын көмүп жаткан учурда жарылуу болуп, 27 киши мерт кетип, ондогон киши жараат алды.

XS
SM
MD
LG