Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

Кыргыз аскерлери ЖККУ машыгуусуна катышат


Кыргыз аскерлери 15-19-сентябрда Арменияда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун машыгуусуна катышат. Бул тууралуу ЖККУнун расмий сайтында жарыяланды. ЖККУга кирген мамлекеттердин аскерлери негизинен мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү жок кылуу, каршылаштардын мизин кайтаруу боюнча машыгат. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Орусия, жана Тажикстандын ыкчам тобу, атайын даярдыктагы куралдуу күчтөрү катышат.

ЖККУга жети мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө болчу. Бирок жакында Өзбекстан бул уюмдан чыгып кетти. ЖККУ түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл толду. (КE)

XS
SM
MD
LG