Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы дүйшөмбү күнү, 3-сентябрда башталат. Ушул күнү коалициялык көпчүлүктүн түзүлгөнү боюнча маалымат расмий жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн коалициялык көпчүлүктү түзүү жоопкерчилигин алган Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, жаңы коалициялык көпчүлүккө “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана КСДП фракциялары кире турганы чечилди. Фракциядан чыккан депутаттык топ да кириши мүмкүн. (КЕ)